Алыс жолго каттаган таксисттерди кыжырданткан 10 учур жана жүргүнчүлөрдүн каалоосу

Психологдор ойду туура, ачык, так жеткирүү менен чыр-чатактын алдын алуу мүмкүн экенин айтып келишет. Бардык жумушту аткарууда кызматкер башка адамдар менен иштешет, сүйлөшөт. Жумушунун ийгиликтүү болушу үчүн бул маанилүү. SUPER.KG порталы түрдүү кесип ээлери кабылган кырдаалды алардын өздөрүнөн сурап билет жана аларга кардарлардан жооп алат. Кардар менен кызматкер же жумушчулар ортосундагы ачык пикирлер алардын бирин-бири түшүнүүсүнө көпүрө болот деген ишенич чоң.

Өлкөдө ички миграция күч алгандан бери алыскы жолго каттаган такси кызматтары көбөйдү. Мындай кызмат суроо-талаптын көптүгүнөн жаралып жаткандыктан, бул ирет биз айдоочулардын оюн уктук.

Алыс жолго каттаган таксисттердин көбү өздөрүнүн жумушу кызыктуу экенин айтышат. Ар бир каттам сайын жүргүнчүлөрдүн кызыктуу окуяларын угарын айтышат. Жаңы тааныштарды, досторду арттыруу мүмкүнчүлүгү бар. Тапкан каражатын турмуштук керектөөлөргө жеткирсе болот. Ошол эле учурда айрым кардарлардын анча-мынча "эркелигине" чыдаганга туура келет.

"Сизди кардарлардын кайсы жоруктары кыжырдантат?" - деген суроого таксисттердин жооптору:

1. "Өзүң деле жан талашып кардар топтоп жүрсөң, унаада отурганы кыйкырат "Ай, болбойсуңбу, эртерээк жетишим керек" деп. Эмне кыларыңды билбей каласың. Ошондуктан шаштырган кардарлар жакпайт".

2. "Айрым жүргүнчүлөр өзүн бир унааны жалгыз жалдагандай сезет, башкалар менен эсептешпей туруп эле "терезени ач, башка музыканы кой" деген жана башка талаптарын айта берет".

3. "Айткан бааңа макул болуп отуруп алып, бара турган дарекке жеткенден кийин "Акчам жетпей жатат, сен жай айдап келдиң" деген сыяктуу шылтоолорду айтып, акчаны төлөгүсү келбегендер айлаңды алты кетирет".

4. "Кандай айдоо керектигин үйрөтө берген кардарларга ачуум келет".

5. "Аябай соодалашкан жүргүнчүлөр кыйнап жиберет, "2 жыл мурун мынча сомго кеткен элем" дешет. Бензиндин баасы өсүп жатканынан кабары болсо кана дейбиз".

6. "Өзүн башкалардан "өзгөчө" ойлогондор бар, унаанын отургучтары толуп калган кезде келет да "Мен бул орунга отурмакчы элем, тиги кардарыңды тургузчу" дегендер кыйын кырдаалга салышат".

7. "Жолду ката ичип, мас болуп башка жүргүнчүлөр менен кошо бизди да жүдөтүп келген кардарларды алдын ала билсек, такыр алмак эмеспиз".

8. "Каражаты тартыш болуп жаткандар билинет, андай абалдагыларды түшүнсө болот. Кээ бирлер акчасы болсо да баласынан аяйт. Чоңоюп эле калган балдар, кыздарын астыбызга эле отургузуп кетебиз деп узак жолдо баланы кыйнап салышат. Мындай жүргүнчүлөргө ачууң келет".

9. "Бара турган дарегин тактап албагандар кыйнайт, алар менен жол жүрүп чарчап келгенден кийин чарчоонун 2-сериясы башталат".

10. "Баары бир бизге кардарлар жагат".

Айдоочулардын бири жүргүнчүлөр бар үчүн жумушу жүрүшүп жатканын кошумчалап "Алыс жолдо эмне гана болбойт, эчендеген мыкты адамдарга туш болдум, бар болушсун" деген тилегин билдирди.

"Жол азабы - көр азабы" дегендей, жүргүнчүлөр алыс жолго аттанганда ыңгайлуу унаа, тажрыйбалуу айдоочуну тандаарын айтышат. "Кандай абалга туш болгондо ачууланасыз?" деген суроого жүргүнчүлөр төмөнкүдөй жооп беришет.

1. "Машинам толду, сиз отурсаңыз эле кеттик" деп алдагандар бар. Күтүп отуруп аягында өзүң да кардар издей баштайсың".

2. "Убадага бек болбогон айдоочуларга ачууланам. Бекеттен "үйгө чейин жеткирем" деп убада беришет да, кийин оюнан кайта башташат".

3. "Бекетке барганда эле тандоого мүмкүнчүлүк бербей, сумкаңды алып кеткендер ыңгайсыз кылат".

6. "Жолдо кеңешпей туруп каалаган ашканага токтогондо оюмду айта албай калам да, аргасыз кирем".

7. "Уйкусу келгенин байкап калсам, качан уктап калат деп сарсанаа боло берем".

8. "Мен, мисалы, 19дагы кызмын, унаанын артында отуруп калсам, токтотуп коюңузчу, дааратканага барып келейин деп башка жүргүнчүлөрдөн көзүнчө айткандан тартынам. Ошондуктан айдоочу өзү жолдо 2-3 жолу "бул жерде даараткана бар, токтоюнбу?" деп сураса сүйүнөт элем".

9. "Унааны айдап бара жатып тамеки чеккени жакпайт".

Сөз соңунда жүргүнчүлөр айдоочулардын кызматына муктаж экендигин, аларга карата айтылган жогорудагы сөздөр болгону каалоо болгонун билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nanei
2018-08-14 18:43:31
Кээ бир айдорчулар машинесин кир , ыпылас алып ж урушот
+2
jalguzum
2018-08-14 22:47:05
Бул жерде даараткана бар, токтотоюнбу деген жакты)))
+5
rahat84
2018-08-16 14:27:57
жакшы демилге, дагы башка тармактарда ушундай макала болсо конфликт бир аз азаят беле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан