Бишкек шаарында жолдорду оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан Орусия жана Беларустан келген троллейбустардын 70 пайызы ишсиз турат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы маалымдады.
"Бишкек шаарындагы коомдук транспортту өнүктүрүү долбоорунун алкагында борбор калаабызга Орусия жана Беларустан 37 троллейбус алынып келди. Алардын 15и Беларустун "Белкоммунмаш" жана 22си Орусиянын "Тролза Маркет" заводдорунан келген", - деп жазылат маалыматта.
Аталган заводдордун адистери Бишкекке келип айдоочуларга троллейбустарды эксплуатациялоо боюнча окууларды жүргүзүп кетишкен.