Эт комбинаттан чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкектеги эт комбинаттан чыккан өрт саат 11:23 чамасында чектөөгө алынды. Учурда тилсиз жоону толугу менен өчүрүү аракети көрүлүп жатканын ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кырсыктан жабыркагандар жок.

Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 5 кабаттуу эт комбинаттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат ӨКМга 9-август күнү саат 4:53тө келип түшүп, айтылган дарекке 5 өрт өчүрүү тобу тартылган. Имараттын ичи эт сактоо жайы болгон.

Бишкекте эт комбинатынан өрт чыгып, 5 кабат имарат өрттөнүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан