Журналистке орой мамиле жасаган мэрия кызматкери жумуштан бошотулду

КТРКнын кабарчысы Бурулай Пусурманкуловага орой мамиле жасаганы үчүн Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев жумуштан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, Бейшеналиев өзү иштеген башкармалыктын жетекчисинин 9-августтагы буйругу менен бошотулду.

"Аталган кызматкер мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын этика кодексинин №5-беренесин так аткарбагандыгына, ошондой эле норма этиканы сактабагандыгына байланыштуу этика комиссиясынын тыянагы менен бошотулду", - деп билдиришти мэриядан.

Журналист Бурулай Пусурманкулова жер боюнча репортаж даярдоо учурда мэрия кызматкери ага карата орой мамиле жасаганын айтып, видеосун 8-августта социалдык түйүндөгү өздүк баракчасына жүктөгөн.

Ошондой эле журналист баракчасына: "Бишкек жер курулуш башкармалыгында Рустам деген аял кишини сөккөн, өзүнөн кичине эркекти коркуткан "баатыр" иштейт. Кыргыз өлкөсү "баатырларын" жүзүнөн таанышы керек. Мына "баатырдын" кебетеси. Уят сөздөр менен сөгүп, "түнү уктагандан коркуп каласың" деп коркуткан жер курулуш башкармалыгынын кызматкери. Ал сөздөрдү айтып жатканда камераны жандырып албаптырбыз, жаман оюбуз жок эле. Камерага тарткандагы абал ушул", - деген пикирин калтырган.

SUPER.KG порталы Рустам Бейшеналиевдин пикирин угууга даяр. Учурда аны менен байланышуу аракети көрүлүүдө.



Журналистке орой мамиле жасаган мэрия кызматкери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
kgstan2014
2018-08-09 16:47:08
Мындай азаматтарды жумуштан алуудан башка жаза жокпу бизде?
+5
Nargiza1987k
2018-08-09 17:05:10
Буларга он кун же бир ай или акчалай жаза дегендей болобу деги
+6
Azat.97
2018-08-09 17:43:59
Копкон неме турбайбы бул бок курсак.
+3
Nurkyz1977
2018-08-09 18:07:24
Жумуштан алып коюу менен эле чектелбей,буга окшогон догурсунгон козун май баскан адамдарга катуу чара корулсо жакшы болмок. Карапайым элдин акысын жеп байып энесин тааныбай калган копос. Журналистер акты ак,караны кара деп,чындыкты элге жеткирип бийлик менен элдин ортосундагы копуро. Урматтуу биздин журналистер мокобой курчугула ушуга окшогон акмактардын азабын бергиле,силерге АЛЛАХЫМ ОЗУ жар болсун! Силерсиз бизде акыйкат жок. Ишинерге ийгилик!
+5
bibi87
2018-08-09 18:22:57
Жумуштан бошотуп эле Тим болбостон, башка мамлекеттик жумушка иштей албай тургандай закон киргизиш керек. Аны жумуштан бошотпой эле отпускага чыгарды да, бир ай Эс алып кел, тынчыганда келесин деп.
+3
Alinur96kg
2018-08-09 18:42:22
Ушуга окшогон эшектер иштеп атса кыргызстан каяктан онукмок эле?
+3
BekAmir
2018-08-09 18:47:01
Ана чондордун чыныгы жузу.
.
+1
Matahara1980
2018-08-09 20:50:33
Мындай копкон ары жоктор бирдемке болсо эле коркутуп киришет экен зоокурлонуп, зоокурлордун орду турмодо эшектер, камаш керек эле да энесин таанып жургондой кысып. Эл эсебинен байыган мите куртар
+1
Baatirbek81
2018-08-09 21:49:20
Мындай миллионерлерге эч ким каттуу айталбайта,бул чеги жок көпкөн дөөпарас турбайбы!
+2
altyn7776
2018-08-10 00:37:53
Жылдыз Мусабекованы КСДП эч нерсе кыла албады го...Оозу бузук бу катын дагы кереке жарап берет деген го... Ошоедой эле бу баланы деле эртен башка эле орунга коет...
+2
Lintel
2018-08-10 12:39:34
БУл баланын деле оюн билиш керек озу бизде журналистер оздору провакация жаратып алышат да жамандап отуруп калабыз. Журналистик этика болуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан