Рублдун курсу долларга карата 2 жыл мурунку көрсөткүчкө чейин төмөндөдү. 8-август күнү кечинде Москванын фонддук биржасында рублдун курсу 2016-жылы орун алган көрсөткүчкө чейин төмөндөгөнү байкалган. Муну менен 1 долларды 65 рубль 54 тыйынга сатып алууга мүмкүн болду.
Мындай көрсөткүчтөр Бишкекте дагы орун алды. Бүгүн, 9-августта акча алмаштыруучу жайларда 1 рублду сатуу 1 сом 3 тыйынга барабар болду. Август айынын башында акча алмаштыруучу жайларда 1 рублду сатуу 1 сом 8 тыйынга алмаштырууга мүмкүн болчу. Ал эми Улуттук банкта рублдун курсу жогорудагыдай.
Орусиялык адистер рублдун төмөндөгөнүнүн себеби АКШнын Орусияга карата жарыялаган жаңы санкцияларынан болушу мүмкүн деп айтышууда. Ал эми АКШнын жаңы санкцияларына Улуу Британиянын Солсбери шаарында тыңчы жана Орусиянын мурдагы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Скрипал менен кызынын ууландырылышы себеп болуп келет.