Талас облусунун Кызыл-Туу айылынын 37 жаштагы тургуну эркек кишини зордуктаган деп кармалды. Мындай маалыматты 9-августта Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, Жон-Арык айылындагы 38 жаштагы эркек адам 7-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында аны эркек киши зордуктап кеткенин айтып милицияга кайрылган.
Маалыматта белгиленгендей, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен иш козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Жабырлануучу менен шектүү - экөө тең үй-бүлөлүү жарандар. Азыркы убакта тергөө иштери башталды. Ал эми кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы сотто каралып жатат", - деди маалымат катчы.