Эт комбинаттан чыккан өрт бир суткадан бери өчө элек

Бишкектеги эт комбинаттан чыккан өрт бир суткадан бери өчө элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин нөөмөт бөлүмүнөн SUPER.KG'ге 10-августта кабарлашкандай, өрттү өчүрүү иштери дале уланууда.

"Өрт чектөөгө алынган, бирок толук өчө элек. Жеринде өрт өчүрүү кызматы иш алып барууда" деп билдиришти мекеменин нөөмөт бөлүмүнөн.

Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 5 кабаттуу эт комбинатынан өрт 9-августка караган түнү чыгып, өрт тууралуу маалымат ӨКМга саат 4:53тө келип түшкөн. Айтылган дарекке жалпы 5 өрт өчүрүү тобу тартылган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкектеги башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов комбинаттын 5 миң чарчы метрге жакын аянты күйүп кеткенин айткан.


Бишкекте эт комбинатынан өрт чыгып, 5 кабат имарат өрттөнүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан