
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине видеороликтерди тартуу үчүн Маданият маалымат жана туризм министрлиги 3 миллион 500 миң сом жумшайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы маалымдайт.
Сынактын жеңүүчүсү Хан-Теңири чокусунда, Ысык-Көлдө тартыла турчу 20 мүнөттүк видеоролик үчүн режиссёрду, жумушчу топту жана адистерди көргөзүүсү керек.
"Аталган ролик театрлаштырылган көргөзүүлөрдү коштоп жана ат майданында болуп жаткан окуялар менен бирге көрсөтүлөт. Видеолор көчмөндөр оюндарынын башкы режиссёру бекиткен сценарий менен тартылат", - деп билдирет министрлик.
Тартуу иштерине жалпысынан 40 каскадёр катышат.