Быйыл 7 айда социалдык тармакка бюджеттен 40 миллиард 1 миллион сом каражат сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул каражат былтыркы жылдын бирдей мезгилиндегиден 15 миллиард 512 миллион сомго көбүрөөк.
Бөлүнгөн каражаттын ичинен:
- Социалдык коргоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 21,6 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 1 миллиард 516 миллион сомго көбөйүү менен 16 миллиард 920 миллион сомду) түздү;
- Билим берүүгө сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 18,3 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 279 миллион 300 миң сомго көбөйүү менен 14 миллиард 329 миллион сомду) түздү;
- Саламаттыкты сактоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 9,2 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 16 миллион 400 сомго азаюу менен 7 миллиард 232 миллион сомду) түздү;
- Эс алууга, маданиятка жана динге сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 2,1 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 350 миллион 700 миң сомго азаюу менен 1 миллиард 625 миллион сомду) түздү;
- Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматка бөлүнгөн чыгашалардын салыштырма салмагы (мамлекеттик карыздын негизги суммаларын кошкондо) 25,8 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 899 миллион 1000 миң сомго көбөйүү менен 20 миллиард 177 миллион сомду) түздү;
- Экономикалык маселелерге сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы – 8,7 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 434 миллион 2 миң сомго көбөйүү менен 6 миллиард 846 миллион сомду) түздү;
- Айлана-чөйрөнү коргоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы – 0,5 пайызга (былтыркыга салыштырмалуу 43 миллион 6 миң сомго көбөйүү менен 377 миллион 3 миң сомду) түздү;
- Турак жай-коммуналдык чарбага жумшалган чыгымдардын салыштырма салмагы 1,6 пайызды (өткөн жылдагыга салыштырмалуу 40 миллион 3 миң сомго көбөйүү менен 1 миллиард 223 миллион сомду) түздү.