Кадамжайда сурьма комбинатынын жерин сатам деп бир канча адамдан акча алып жүргөндөр кармалды

Кадамжайда сурьма комбинатынын жерин сатам деп бир канча адамдан акча алып жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 2018-жылдын январынан бери милицияга райондун 7 тургуну арыз менен кайрылган. Алар арызда комбинаттын жерин сатам деп акча жана унааларды алып, качып жүргөн жарандарга чара көрүүнү өтүнүшкөн. Арыздарда көрсөтүлгөндөй, шектүүлөр алардан жалпы 518 миң сом жана үч унаа алышкан.

Бул факты Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде иш козголуп, шектүүлөргө издөө жарыяланган. 5-август күнү Кадамжай РИИБинин ыкчам тергөө тобу тарабынан Бишкектеги батирлердин биринде жашынып жаткан жеринен шектүү катары 39 жаштагы Э.С. жана 59 жаштагы И.С. аттуу жарандар кармалган.

Азыркы күндө кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
futboler
2018-08-10 14:28:19
Ушундайлардын бетин жаап жашырбай ачык көрсөтсөңөр болмок, башкалар дагы жабыр тартпашы үчүн
+3
admin_media
2018-08-13 15:19:36
Astrushka, Келиңиздер сынактын жеңүүчүсүн чогуу тандайбыз. 500дөн ашуун билдирүүнүн арасынан төмөнкү үч билдирүү редакция тарабынан мыкты деп тандалып, окурмандардын добушуна коюлууда.
https://www.super.kg/kabar/news/241359/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан