Бишкектеги №6-төрөт үйүндө жүрөгү ооруган келин төрөттөн кийин каза болду. Бул тууралуу төрөт үйдүн директорунун орун басары Салтанат Назаралиева SUPER.KG порталына билдирди.
"Биздин ооруканага ал келин 6-август күнү Талас облусунан которулган. Ооруканага келер замат биз аны дароо атайын даярдыктан өткөрдүк. Эртеси, 7-август күнү ал кесарево жолу аркылуу төрөдү. Келинге операциядан кийин кардиолог келип көзөмөл кылган, бирок анын жүрөгү төрөткө туруштук бере албай каза болду. Анын апасы жүрөгү жаш кезинен бери эле ооруп келгенин айтты", - деди ал.
Маалыматка караганда, бул анын биринчи төрөтү болуп, кыз баланы дүйнөгө алып келген. Каза болгон келиндин туугандары аны медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.