Ысык-Атада 1 түндөн кийин аман табылган 2 жаштагы кыздын кайда уктагандыгы белгилүү болду

Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылында жоголгондон бир түндөн кийин табылган 2 жаштагы Н.А. аттуу кыздын абалы жакшы, жабыркаган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, наристе аталган айылдагы башка үйгө ата-энеси менен конокко келип, сыртта ойноп жаткан жеринен таппай калышкан. Үйдүн жанында көлмө болгондуктан, ата-энеси суучулдарды, куткаруучуларды чакырып издөө иштери башталган.

"Издөө иштерин жүргүзүүдө көлмөгө көп басым жасалган. Бирок табылган эмес. Эртеси саат 10:20лар чамасында Ысык-Ата райондук өрт өчүрүү бөлүмчөсүнүн башчысы Каныбек Мааткулов кызды аңдын ичинен таап алган. Мааткулов адегенде кырдан карап, аңдын ичинде кызыл түстөгү нерсенин кыймылдап жатканын байкаган. Ошол жерге шашылыш барганда кыз жаңы эле уйкудан ойгонуп, абалга түшүнбөй турган кези экен. Аны дароо көтөрүп алып келди. Наристе аман-эсен ата-энесине өткөрүп берилди. Ал ошол көлмөгө жакын жердеги аңга жатып уктап калган", - деди маалымат катчы.

Ал белгилегендей, Н.А. үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү. Издөө иш-чараларына ӨКМнын 35 жана Ички иштер министрлигинин 25 кызматкери тартылган.

Ысык-Атада 2 жаштагы кыз бир түндөн кийин аман табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
romaantik
2018-08-10 19:35:40
Ушул кыздын аман-эсен табылганы бугунку кундун эн жагымдуу кабары болду мен учун
+84
Guldoijan
2018-08-11 11:15:59
romaantiкk, көзгө жаш айланат го
+8
gulzat85
2018-08-10 19:48:59
Кудай сактаптыр
+31
sely
2018-08-10 20:26:11
Аллахка мин мертебе шугурлор болсун
+34
salimbek87.kg
2018-08-10 20:58:02
МашАллах
+23
taalay25
2018-08-10 22:54:43
Ии бултушкам омурун узун болсун
+22
Birimdik5555
2018-08-10 23:12:57
Ииий бопушка аман болсун ар дайым,бактылуу бол
+20
maks992
2018-08-10 23:36:45
оа эң жагымдуу кабар.Админ элдик кабар жөнөттүм эле силерге Алабукадан телевидение боюнча эмне үчүн чыгарбадыздар ардайым ушундай жооп бергиле сураныч
+17
Shaa-82
2018-08-11 09:28:48
Байкуш кыз андан чыга албай анан чарчап уктап калганго, корккондур тундо, менин балам 7 айлык эле козун ачканда эч ким жок болсо шолоктоп алатго эми бул байкушту элестетип коркуп кеттим, ээн жер болсо.(((
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан