Депутат Абдывахап Нурбаев: "Миграция - бул ааламдашуу алкагындагы туура эле жараян"

Экс-президент Роза Отунбаеванын миграция тууралуу сөзү талашка түштү. SUPER.KG порталынын "Миграция өлкөнүн трагедиясыбы же мүмкүнчүлүгүбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жооп берди.

Анын айтымында, миграцияны туура пайдаланса болот.

"Миграция - бул ааламдашуу алкагындагы туура эле жараян. Анткени бул бардык эле мамлекеттерде бар. Бирок ошол миграциядан өзүбүзгө кандай пайда алабыз ошонун үстүндө иштешибиз керек. Учурда Кыргыз өлкөсүнөн чет мамлекетке иштегени барып, кайра эле өзүбүзгө инвестиция кылып жаткандар бар. Мына ошолорго шарт түзүп беришибиз керек. Өзүбүздүн инвестор мекендештерибизге жакшы шарттарды түзүп бере алсак гана башка өлкөнүн инвесторлору келе баштайт. Ошондуктан мен миграциянын жакшы жагын колдонуп калыш керек деген ойдомун", - деди Нурбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев, Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, жарандык активисттер Зулпидин Нурматов, Нурсултан Алтыбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан