Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары "SUPER TV'нын" "Жан дүйнө" долбоорунда.
Машинемдин салонунда "Мен сенден кетейинчи" деп сыздаган ыр. Бишкектен Токмок шаарына багыт алдым. Көңүлүм ушунчалык кирдеп, сиркем суу көтөрбөй баратам. Арада келинчегим чалды.
– Качан келесиң?
– Бир жума кармалам го.
– Жеткенде кабар бер.
Келинчегиме Ош шаарына командировкага кеттим деп жалган айтып койгом.
Аман-эсен жетип алмайынча келинчегим ары-бери басып уктай албай тынчы кетерин билем. Көздөрү алайып мен оорусам кошо ооруй турган, ишим жүрүшпөй калса кошо азап тарткан жанды эстеп ого бетер жаным төрт бөлүнөт.
Теребел тыптынч. Жол созулуп алдымда жатат. Менин гана жалгыздыгым жаныма жолдош болгонсуйт. Сени эстейм. Оюмдун баарын сен ээлеп алгансың. Ортобузда бир нерсе болдубу? Жок, сый мамиле. Чектен өткөн эч нерсе жок. Дайым эле маңдайымда көздөрүң турат. Эч кайда качып кутула албачудаймын. Кээде баарын унуттуруп саласың. Сенден башка жашоом барын да, келинчегим менен эчен ашуу ашып салганымды, деги эле бул жашоонун аки-чүкүсүнүн баарын унуткарасың.
Алгач көргөндө эле чырайлуу жүзүңдөн көзүмдү ала албай дал болгом.
"Кимге буюрса да мыкты жар болор" деп койдум. Анан чогуу иштешип калдык. Сыртыңдан эле сүйүп Айтматовдун Эдигейи болуп жүрөм. Көзгө көрүнбөс жиптер ошондо эле экөөбүздү аралап өткөнсүгөн.
Окуяны толугу менен шилтеме аркылуу өтүп, видеодон көрүңүз.