Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге самоор белек кылды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков Астана шаарынын күнүнө карата кесиптеши Нурсултан Назарбаевге 100 жыл мурда жасалган самоор белек кылган. Аталган белек Казакстандын биринчи президентинин китепканасына экспонат катары өткөрүп берилген.
Ар кандай таштар жана оймо-чиймелер менен кооздолгон самоор ошол убакта Орусияда жасалып чыккан самоорлордон өзүнүн формасы жана жасалгасы менен айрымаланып турат.