Биз социалдык тармакта

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери батирлүү болушту

Бүгүн, 11-августта Бишкекте Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаза аткаруу кызматында иштегендерге батирлер өлкө эгемендикти алгандан бери алгачкы жолу берилип жатат. Бул иш-чарага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

"81 кызматкер жаңы батирлерге ээ болууда. Алардын арасында кызмат учурунда каза болгондордун жубайлары дагы бар. Батир берүүдө кызматкерлердин үй-бүлөлүк абалы, иш тажрыйбасы жана батир алууга болгон жеңилдетүү укуктары каралган", - деп билдирди маалымат кызматы.

Мындан сырткары өкмөт башчы ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге кол саат тапшырганын маалымат кызматы кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ikitaidesu
2018-08-11 14:54:45
Канча сомдон беришти экен?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан