Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылып, оодарылып кетти

Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын унаасы жол кырсыгына кабылып, оодарылып кетти.

Аталган жол кырсыгы бүгүн, 11-августта саат 18:00 чамасында Манас кең көчөсү менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде орун алды.

Учурда окуя болгон жерде Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлдөрү иш алып барууда. Кырсыктын себептери аныкталгандан кийин гана маалымат берилери айтылды.

Күбөлөрдүн айтымында, башкармалыктын унаасы Манас кең көчөсү менен Жибек Жолу көчөсүн көздөй жогорку ылдамдыкта келе жаткан. Фрунзе көчөсүнөн жол чырактын жашыл түсү жанганда өтүп бара жаткан экинчи унаа тартип сакчысынын унаасын арт жагынан келип сүзгөн. Анын кесепетинен милициянын унаасы оодарылып, 10 метрдей жерге сүрүлүп барган.

Маалыматка караганда, Жол кыймылын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгына таандык унаанын эскерткич сигналы (мигалка) жол чыракка жеткенде гана угулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Azat.97
2018-08-11 19:39:54
Милиция куноолуу.
0
baihan07kenjetaev
2018-08-11 19:48:43
Эгерде спец сигнал иштеп келатса коё берип койсо болмок, ал ойноп баратпаса керек да, биздин шафёрлор тырышып эч качан спец машинаны өткөрбөйт тескерисинче алдын тосот .
+15
tular
2018-08-11 19:53:56
Кайсы шордуу урду болду экен...
+7
Respect.
2018-08-11 19:56:45
Светофор күнөлүү...)))
+2
eddi.
2018-08-11 20:15:04
Вот ХХХХ
-3
egiz-jigit
2018-08-11 20:21:56
Ылдамдыкта баратса вызов тушкон жерге бараткан болсо керек озу биздин шоферлор 103,101,102 лерге жол бошотушту билбейт
+15
Dembele84
2018-08-11 21:47:01
Бизде жол бошотуу деген-пас кетуу дегендей болуп калган.Ушудан эмнем кем деп эле алдыга отууго жан талашышат.Пешеходду айтпай эле койоюн.Орустар джип минип баратса да четтен чыга албай турган жигулиге жол бошотуп сыйлашат!
+15
Muratmipa
2018-08-11 23:21:02
Dembele84,ошону айтсан пешеход деген малдан да жаман адамдар бар сигнал басса карап да койбойт
+6
ikitaidesu
2018-08-11 22:55:19
Мигалканын үнү светофорго жеткенде угулду деп турат, демек милиция өзү күнөөлүү.
Айдоочулар 101,102,103 кө жол бошотоюн десе, жолдун эки тарабы толугу менен унаа токтотуучу жайга айланган. Качан гана бир "чоң курсак" келээрде немесине жумуртка келген тооктой тазалашат жолду. Ага чейин тыйынын алып, курсагын сылап жүрө беришет.
+17
altyn7776
2018-08-12 09:26:15
ikitaidesu, туура айтасын
+1
Kuba81
2018-08-11 23:13:27
Гаи куноолу анткени устунку мигалкасы иштебей эле келе жаткан мен жол чыракты кутуп тургам жашыл куйгондо гаинин машинасы тигилмашинаны коруп кана ун кобойткучу менен суйлоду
+13
tular
2018-08-12 02:38:32
Урматтуу форумчулар дайыны жок эле минус баса бербей окуп анан бассанар! Милиция куноолу деп туратго куболордун коргозмосундо.
Озунорду жонокой айдоочунун ордуна коюп корсонор?
Спец. машина мигалкасы менен гана келгенде жол бошотууга болот, мигалка иштебесе кайдан билсин спец машина катуу ылдамдыкта келе жатканын.
Аны эми сот териштирет!
+1
altyn7776
2018-08-12 09:28:41
tular,кандай дайыны жок? Али эч кандай жыйынтык чыга элек. Кесилиш жерден аркасынан келип урса, айдоочуга куноо оойт баары бир
-2
tilek121277
2018-08-12 08:05:10
Жанындагы аялдама күнөөлүү
+2
nurbek11
2018-08-12 14:47:20
Чын чынына келгенде милиция куноооуу. Бирок карга карганын кощун чукубайт деп баякы эле шордуу айдоочу куноолу болуп калат. Аларда шылтоо даяр срочно чакыруу бар эле ошол учун катуу ылдамдыкта бара жатканбыз деп. Болду айыптуу болуп жонокой айдоочу болуп калат.
+1
Samar90
2018-08-13 22:11:29
Бакиев кунолу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан