20-29-июнь күндөрү Москвада Эл аралык Москва кинофестивалынын алкагында тегерек стол уюштурулду. Ага дүйнөлүк белгилүү кинопродюсерлер менен катар кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссёр Садык Шер-Нияз катышып келди. Бул тууралуу Т.Океев атындагы улуттук киностудиядан билдиришти. Анда “кино тартууда тыгыз кызматташтык үчүн кайсы өлкө эң ыңгайлуу?” деген маселе маанилүү болуп, дүйнөлүк кинопродюсерлер Кыргызстан жана Дания кинотасма тартуу эң ыңгайлуу өлкө экенин белгилешти. Иш-чаранын уюштуруучусу белгилүү америкалык журналист Ник Холдсворт жакында эле Кыргызстан тууралуу документалдуу тасма тартуу учурунда Кыргызстан чындыгында эле кино индустрияда чоң келечекке ээ экенине ишенгенин айтты.