Белгисиз демөөрчү тарабынан берилген "Тез жардам" унаасы ажы сапарындагы зыяратчыларга кызмат көрсөтүп жатат

Меккеде ажылык сапарда жүргөн Кыргыз жарандарына "Тез жардам" унаасы берилди. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Маалыматка ылайык, аты сыр бойдон калган демөөрчү кыргыз зыяратчылары үчүн алып берген "Тез жардам" унаасы бардык жабдуулар жана керектүү дары-дармектер менен камсыздалган.

"Белек кылынган "Тез жардам" унаасы эми жыл сайын Кыргыз өлкөсүнөн ажылыкка баргандардын саламаттыгын көзөмөлдөп турат. Азыркы тапта Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жиберилген 18 дарыгер өз ишин аткарып, керектүү учурда ажылыкка баргандарга жардам көрсөтүп жатышат", - деп билдирди маалымат катчы.

Быйыл Кыргыз өлкөсүнө ажылыкка баруу үчүн 5 миң 400 квота бөлүнүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kosmos2013
2018-08-12 14:53:42
Азамат
+1
patiydin
2018-08-12 15:29:01
Бар экенго биздин дооморчу жигиттерибиз. Атасына РАХМАТ!
+1
bond02
2018-08-12 15:33:43
Аты белгисиз болсо да сообу тийсин ошого.
+3
maks992
2018-08-12 15:37:28
bond02,оа эл көрсүн дегенге сооп жок белгисиз болсо алардан Аллах ыраазы
0
omurbekkutibaev77
2018-08-12 17:29:00
Жакшы адам экенсин
0
Ka2sr1
2018-08-12 18:33:05
Арабтардын бизнес онугуп жатат.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан