11-август күнү саат 14:40тар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жол кырсыгы катталып, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, 1999-жылы туулган К.Э. аттуу жаран өзүнүн Honda-CR V үлгүсүндөгү унаасын башкара албай карама-каршы тилкеге чыгып, 1977-жылы туулган Ж.С. аттуу жарандын Honda StepWGN унаасын сүзгөн. Бул учурда экинчи унааны, артында келе жаткан Toyota Yaris
унаасы дагы келип сүзгөн. Натыйжада 6 адам жаракат алып Ош облустук ооруканасына кайрылышкан.
Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.