Быйыл Курман айт 21-августта белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн, 12-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан Кыргыз өлкөсүнүн жашоочулары Курман айт майрамын 21-августта белгилешет. Ал эми 20-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөнүндө болушмакчы", - деп билдирди маалымат катчы.
Быйыл Кыргыз өлкөсүнө ажылыкка баруу үчүн 5400 квота бөлүнүп берилген.