Аксыда чагылган түшүп бир адам каза болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда талаага чагылган түшүп, бир адам каза болду. Аталган маалыматты SUPER.KG порталына Аксынын Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Жанарбек Надырбеков тастыктады.

Маалыматка караганда, каза болгон жаран эртең, 13-августта жерге берилет.

"Бүгүн, 12-августта саат 9дар чамасында Аксы районунун Жаңы-Жол айылынын талаасына чагылган түшүп, 1980-жылы туулган Токтобек Шадыканов аттуу жаран каза болду. Ал менин тууганым болчу. Токтобек талаада чөп жыйнап жүргөн учурда жамгыр жаап, кичинекей дарактын түбүнө жашынган. Ал телефон менен сүйлөшүп жаткан учурда чагылган түшкөн. Денеси күйүп калыптыр. Бирок дарак зыян тарткан эмес", - деди Надырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Eli.91
2018-08-12 14:24:11
Баары Аллахтын колунда да,карасанар адамдын баары куйук алган,ал эми дарака зыян келбептир,тообо кылдым Аллахым турлу апаат кырсыктарынан озун сактай кор,ал Эми каза болгон пенденин Жайы жаннаттан карангы кору жарык болуп окуган курандары башына саябан болсун деп сурап калам Аллахтан.
+5
33SUUN
2018-08-12 14:59:12
Баардыгы кудайдын буйругу менен.Телефон байланышы магнит талаасынын очогу болгон.Ошол учун чагылган даракка тушпой туура адамга тийген.Кудай дагы сактанганды сактаймын дейт.Айтаарым жамгыр жааган убакта талаадабы же кочодобу уюлдук телефонду же магнити бар аппаратты колдонгонго болбойт.
+5
Janyjol.86
2018-08-12 15:11:49
эх токончик аке жаткан жериниз жайлуу болсун .Аллахым бейиштин гул бакчасынан орун берсин
+5
kalima88
2018-08-12 15:51:04
Токон аке, жаткан жериңиз жайлуу болсун.Арты кайырлуу болсун!
+4
Rasul94
2018-08-12 15:57:36
Кайран Токончик.кош эми.толуп ташкан кезде жок болдун
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан