Алайда жүргөн селден кийин Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолу бир тараптуу жабылды

Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 110-чакырымындагы сел калдыктарынан улам жол бир тараптуу жабылды. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

12-августта саат 17:00дөр чамасында Ош облусунун Алай районунда жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун Аскалы тилкесине шагыл таштары түшкөн. Мындан улам жол бир тараптуу жабылган. Унаа жолдун экинчи тарабы ачык.

Айта кетсе окурман "Элдик кабарга" Алайда туристтерди алып бара жаткан Тажик жаранынын унаасын сел агызып кеткенин кабарлаган. Бактыга жараша, жүргүнчүлөр унаадан качып чыгууга үлгүрүшкөн. Унааны болсо сел жарга түшүрүп салган. Алайдагы селдин кесепеттери тууралуу дагы кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Benazir08
2018-08-13 09:51:49
Гана сурот? Кооп эле тартышпайбы
0
patiydin
2018-08-13 11:02:43
Ошондо окуя Эски намы Кызылкоргон азыркы Аскалы айылы болуптур калабы?
0
aadanova14
2018-08-13 21:40:51
patiydin,Кызылкоргон озунчо айыл. Аскалы озунчо айыл. Азыр деле Кызылкоргон.
0
patiydin
2018-08-13 23:20:25
aadanova14, сиз башта барын,анан айтыныз. Себеби и ал жерде менин тагаларым Жана бололорум бар. Ошондуктан айтып жатам. Чын эле башка айыл билем. бирок азыр Кызыл коргон деп жазылбай Аскалы деп жазып калган Кире беришинде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан