Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусу боюнча иш сапарынын алкагында "Чакан ГЭС" гидроэнергетикалык компаниясынын Быстровка ГЭСине барып "Жылуулук мезгилине даярдык боюнча бүтүндөй иш-чаралар комплекси кыска мөөнөттө аяктоого тийиш" деди. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Быстровка ГЭСине барганда премьер-министр энергетикалык тармактын жана "Чакан ГЭС" компаниясынын жетекчилери менен республикада чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагында белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун алкагында жылуулук мезгилине даярдык боюнча бүтүндөй иш-чаралар комплексин кыска мөөнөттө аяктоо зарылдыгын белгиледи.
Белгилүү болгондой "Чакан ГЭСте" электр энергиясын иштеп чыгуунун жылдык өсүшү 10 пайыздан ашат. Ошол эле учурда жылдык экспорт 130 миллион кВт саатты түзөт.