Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, эки жөө жүргүнчүнүн бири каза болуп, экинчиси жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын аталган облустагы бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-августта саат 19:15 чамасында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында орун алган.
"33 жаштагы Ноокат районунун Көк-Бел айыл аймагынын тургуну Т.С. өзүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен бара жаткан. Ал жол четинде турган 8 жаштагы өспүрүмдү жана анын 35 жаштагы атасын сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен бала окуя болгон жерден каза болгон, атасы жаракат алган", - деди маалымат катчы.
Учурда кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүүдө.