Ысык-Көлдө бир жуманын ичинде 14 жол кырсыгы катталып, 21 айдоочу мас абалында кармалды

Ысык-Көл облусунда 6-12-август аралыгында жалпы 14 жол кырсыгы катталып, 21 айдоочу мас абалында кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 13-августта Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 28 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Алардын ичинен үчөө өспүрүмдөр болгон.

"Жол коопсуздугун сактоого тартылган күчтөрдүн аракети менен 1 миң 425 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталып, анын ичинен 21 унаа токтотулган учурда айдоочулары мас абалында болгон. Бардыгы болуп айып төлөнүүчү жайга 40 унаа киргизилип, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 330 миӊ 500 сом административдик айып салынды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан