Жалал-Абадда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерди сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 9-августунда Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспектор, милициянын старшинасы А.Асанов жол эрежесин бузуп бара жаткан Опель Астра үлгүсүндөгү автоунааны тосот.
Айдоочу буйрукка баш ийбей, унаасы менен инспекторду сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ыкчам изилдөө иштеринин жыйынтыгында ошол эле күнү 38 жаштагы Сузак районунун тургуну Талгат.С. кармалып, анын алкоголдук ичимдиктерин ичкендиги аныкталган.
Факты боюнча "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми жабырлануучу А.Асанов учурда ооруканада дарыланууда.