Кыргыз өлкөсүнүн хоккей боюнча жалгыз Эмгек сиңирген машыктыруучусу Болотбек Бектемишов 59 жашында көз жумду.
"Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн мыктысы" жана "Дене тарбия жана спорт мыктысы" Болотбек Бектемишов 1959-жылы 29-февралда Нарын шаарында туулган.
1976-жылы Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №1-орто мектебин бүтүргөн. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырып, аны 1980-жылы ийгиликтүү аяктаган. Мындан улам Бектемишов дене тарбия мугалими жана спорт машыктуруучусу болуп иштеп баштаган.
2006-2008-жылдары Нарын облустук балдар жана уландар спорт башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган.
2008-2011-жылдары Нарын облустук балдар жана уландар спорт мектебинде директорлук кызматта иштеген.
2011-2017-жылдары Нарын облустук балдар жана уландар спорт мектебинде хоккей боюнча машыктыруучу болуп иштеген.
2017-2018-жылдары Нарын облустук олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинде директордун орун басары кызматын аркалап келген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Болотбек Бектемишовдун үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.