“Dolce & Gabbana” брендинин ээлеринин бири Доменико Дольче 60 жашка толду. Ал 1958-жылы Сицилияда туулган. Ал Палермодо колледжин жана Миланда Марангони институтун бүтүргөн. 1980-жылдары Стефано Габбана ательесине жумушка кабыл алынып, мода индустриясынын негиздерин үйрөнгөн. 1982-жылы Габбана аскердик кызмат өтөп келген соң Доменико менен биргеликте Dolce & Gabbana маркасындагы кийимдерди тиге башташкан.1985-жылы Милан мода жумалыгында өзүлөрүнүн алгачкы айымдар кийиминин топтомун алып чыгышкан, бирок ал күтүлгөндөй ийгиликти алып келген эмес. Кийинки жылы алардын кийимдери ийгиликтүү болуп, Миланда бутик ачууга жетишкен. 1987-жылы алар трикотаждан тигилген кийимдерин, 1989-жылы ич кийим жана пляж үчүн кийимдерин чыгарышкан. 1990-жылы эркектер үчүн алгачкы кийимдерин тигишкен. Чыныгы ийгиликке Дольче менен Габбана 1990-жылдарда жетишти.
Дүйнөлүк мода тарыхында болуп көрбөгөндөй жаңы моделдерди жаратышты. Алардын ичинен эң атактуулары: тыш кийимдин да ролун аткара алган кооз ич кийимдер, жылаңач денеге кийилчү костюмдар жана атайын жыртылып, баалуу таштар менен кооздолгон жынсы шымдар. Эки гений Сицилиянын салттарын бузушуп, жесир аялдардын кара кийимдерин укмуштуу кече көйнөктөргө айландырышкан. Кийимдерден тышкары көз айнек, сумка, бут кийим жана башка аксессуарлардын жаңы түрлөрүн жаратышты. 2006-жылдан бери D & G италиялык футбол командасын кийинтишет.
13-августтун жылнаамасы.