Москвада бир аптадан бери дайынсыз болуп жаткан 70 жаштагы Абдырашит Токтогулов аман-эсен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта SUPER.KG порталына анын жакындары кабарлады.
Маалыматка караганда, Токтогулов кечээ, 12-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:30дар чамасында Преображенская метросунан табылган. Ал 7-августта Щёлковская метросуна жакын жердеги үйлөрдүн биринен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы маалымдалган.
"Жалпы кыргыз калкына ыраазыбыз, таякебиздин балдар-кыздарына кошулуп алып күнү-түнү издешкендер болду. Жакшы тилектерин айтып, биз менен кошо санаа тарткандар болду. 6 күндүк тынымсыз издөөнүн натыйжасында уулдары кечээ таап келишти. Таякебиз адашып кеткен экен, үйдү издеп жөө башка метрого кетип калыптыр, 6 күн ошол жакта жүрүптүр. Аз убакытка сейилдөө үчүн гана сыртка чыккандыктан, жанында документтери, кол телефону жок болчу. Психикалык жактан бир аз жабыркагандыктан өзү таап келе алган эмес. Көңүлүбүз жайына түштү", - деди Токтосуновдун жээни Бакытбек Буудайчиев.
Буга чейин маалымдалгандай, Абдырашит Токтогулов жубайы менен Москвага балдарына, эс алууга Жалал-Абаддын Сузак районунан барган.