Бүгүн, 29-июнда Бишкектеги "Спартак" стадионунда белгилүү америкалык рок ырчы Жереми Кэмп акысыз концерт берет. Концертке Кэмптен сырткары Борбор Азиядагы музыканттардын катышуусу да күтүлүүдө. Батыш өлкөлөрүндөгү музыкалык хит параддарда ырлары алдынкы орунду ээлеп келген 35 жаштагы америкалык рок ырчы бир нече сынактардын жеңүүчүсү боло алган. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнө боюнча анын 3,5 миллиондон ашык дисктери сатылган. Концертке “Украина сулуусу-2007” сынагынын жеңүүчүсү Лика Роман да келет.