Сот "Азиз Суракматовдун мэр болуп шайлануусу мыйзамсыз деп табылсын" деген журналисттин арызын кабыл алган жок

Биринчи Май райондук соту Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын үстүнөн жазылган журналист Канышай Мамыркулованын арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Канышай Мамыркулова билдирди.

"Азиз Суракматовдун мыйзамсыз мэр болуп шайланышына жол ачып берген бир нече мамлекеттик мекеменин үстүнөн Биринчи Май райондук сотуна арыз жазгам. Алар "бул иш райондор аралык соттун көзөмөлүндө болуш керек" деген жүйө менен арызымды кароодон баш тартышты. Биздин оюбузча бул ишти Биринчи Май райондук соту караш керек эле. Мындан кийинки кадамдарыбызды юристтер менен кеңешип көрүп аныктайбыз. Ушуну менен токтоп калабыз деп айтуудан алысмын. Райондор аралык сотко же Бишкек шаардык сотуна Биринчи Май райондук сотунун үстүнөн арыз менен кайрылууну көздөп жатабыз", - деди Мамыркулова.

Канышай Мамыркулова Азиз Суракматовдун Мамлекеттик тил боюнча сынагынын жыйынтыгын жокко чыгарууну жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп табууну суранып Биринчи Май райондук сотуна арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ali-han
2018-08-14 00:33:02
Жөн койгулачы эми. Иштеп көрсүн анан көрө жатаарбыз! Бишкектин жактарын жашылдандырып эль менен бирге болот экен)))
0
Jelezo
2018-08-14 11:41:06
Борбор шаарыбызга белгилүү, сабатуу, билимдүү адамдардан коюш керек эле бизде болсо бизнесмен менен каралар депутат, мэр,айыл өкмөттүн башчысы боло баштады. Сотторду да жоюп эле караларга өткөрүп бергиле разборка кылып эле бүтүрө беришсин.
0
Chungyz
2018-08-14 12:29:22
Жон коюп ушул мезгилге келдик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан