Ош облусунун Араван районунда 12-август күнү 18 жаштагы К.Ү. аттуу бала асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 13-августта Ош ОИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаева кабарлады. Анын айтымында, баланын жанына ата-энесине, жакын туугандарына жана досторуна калтырып кеткен каты табылды.
Абдуллаеванын айтымында, өз жанын кыйган бала өзү жашаган Беш-Кабырга айылындагы мектепти кызыл аттестат менен аяктаган.
"Баланын жансыз денеси 12-август күнү түн ичинде өзү жашаган үйдүн мал сарайынан асынган абалда табылган. Саат 4:30да окуя тууралуу райондук милицияга билдирүү келип түшкөн. Ыкчам тергөө айтылган дарекке барып баланын денесине кароо жүргүзүшкөндө баланын денесинен күч колдонуунун белгилерин табышкан эмес. Жанынан баланын каты табылды. Катта "ата, апа, мени кечирип койгула, үмүтүңөрдү актай албадым. Жана башка туугандарымдан, досторумдан кечирим сурайм. Аркы дүйнөдөн көрүшөбүз" деген жазуу бар экен. Ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан баш тартты.
Баланын атасы Орусияда иштесе, апасы райондогу мектептердин биринде дарыгер болуп иштейт, орто шартта жашаган үй-бүлө экен. Бала менен эч кандай деле уруш болбоптур. Ата-энеси бала өзүн жакшы алып жүрүп, мектепти кызыл аттестат менен аяктаганын айтышты", - деди Абдуллаева.