Дүйнө жүзүндө 40 миллиондон ашык адам кулчулукта жүрөт. Бул тууралуу эл аралык "Walk Free Foundation" фондунун изилдөөсүнүн жыйынтыгында айтылат.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 40,3 миллион адам кулчулукка кабылган болсо, алардын 71 пайызы аялдар. Жашоо шарты канааттандырбаган, эркинен сырткары эмгектенген же болбосо сексуалдык кулчулукка кабылган адамдар эң көп жашаган аймак деп Түндүк Корея табылган. Бул өлкөдө 1000 кишинин 104ү кулчулукта экени айтылат. Биринчи ондукка Эритрея, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Ооганстан, Мавритания, Түштүк Судан, Пакистан, Комбоджа жана Иран өлкөлөрү кирет. Аталган мамлекеттерде дүйнөдөгү кулчулукка кабылган адамдардын 60 пайызы жашайт.
Орусияда кулчулукка кабылгандардын саны 794 миңди түзсө, алардын негизги бөлүгүн жергиликтүү жарандар, Украина, Нигерия, Беларусь жана Борбордук Азиядан келгендер түзөт.
Ал эми Кыргыз өлкөсүндө 1000 кишинин ичинен 4 киши кулчулукта болуп, дүйнөлүк рейтингде 85-орунда жайгашкан. Бул Орто Азиядагы коңшу мамлекеттердин ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч. Салыштырсак, Казакстан 83, Тажикстан 75, Өзбекстан 69-орунда турат.