Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 14-августта саат 12:00дөн 19:00гө чейин Бөкөнбаев көчөсү жана Манас кең көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.
Аталган иштер "Бишкек шаарынын унаа жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, жол катмары алмаштырылат. Оңдоо иштери 15-август күнү дагы саат 7:00дөн 19:00гө чейин улантылат. Унаа кыймылынын жүрүүсү Токтогул көчөсү аркылуу жүргүзүлөт.
"Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын суранат" деп айтылат маалыматта.