Фрунзеде 44 жыл мурун ири дүкөн ачылып, көпчүлүктүн көңүл борборунда болгон. 1974-жылы 14-августта баш калаада жайгашкан "Айчүрөк" универсал дүкөнү ачылган. Азыркы күндөгү заманбап супермаркеттер сыяктуу ошол мезгилде эле эскалаторлор, лифттер орнотулган. Эскалатор аркылуу өйдөгө гана көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү болгон. Ылдыйга тепкичтер менен түшүп келишкен. Учурда Айчүрөк борбордук универсал дүкөнүнөн тиричилик техникасын, кийим-кече, зер буюмдарын, аксессуарларды табууга болот.
Менчиктештирүү жаңыдан башталган 1992-жылдын 7-августунда "Айчүрөк" борбордук универсал дүкөнү – ЦУМ ачык акционердик коомуна айландырылган.
Аз өтпөй өкмөт өзүнө тийиштүү 26,22 пайыз акциясын 1998-жылдын 27-октябрында сатууга коюп, аны италиялык "Кэвитал" компаниясы утуп алган. Италиялык ишкер Жоржио Фиаккони универсал дүкөнгө 2,5 миллион доллар инвестиция алып келүү убадасын берген.
Италиялык ишкердин көзгө көрүнөрлүк жумушу "Айчүрөк" борбордук универсал дүкөнүнө кошуп 2003-жылы "ЦУМ – Холдинг", андан соң "ЦУМ - Арбат" жоопкерчилиги чектелген коом түзгөндүгү болгон.