Кара-Сууда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 6 адам ооруканага жеткирилди

Ош облусунун Кара-Суу районунда болгон жол кырсыгынан 10 жаштагы кыз каза болуп, 6 адам жаракат алып ооруканада жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 14-августта Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 13-август күнү эртең мененки саат 8:00 чамасында Кара-Суу районунун Ынтымак айылында катталган.

26 жаштагы Ош шаарынын тургуну Б.Ж. Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышка карай бара жатып, алдындагы унааны ашып өтүп, каршы тилкеде өз жолу менен келе жаткан ДЭУ Матиз жеңил унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Хонда Степвагон унаасынан 4 адам, ДЭУ Матиз унаасынан 3 адам жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Жаракат алгандардын ичинен 2008-жылы туулган А.К. ооруканада каза болгон.

Учурда жабыркагандар ооруканада жатат. Алардын арасында эки жеңил унаанын айдоочулары да бар. Жол кырсыгы боюнча Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери тийиштүү экспертизаларды дайындап, териштирүү иштерин баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
anonymous
2018-08-14 10:05:09
Смертвагон
+5
BarsBaatyr
2018-08-14 10:41:37
Менменсинген адатыбыз канча адамдын өмүрүн кыйды.Адыраңдап каршы тилкеге чыккан да. Өкүнүчтүүсү, күнөөлүү жаза тартпайт.
0
a.sheralievic.91
2018-08-14 11:22:20
Степвагон жан алгыч болду го
+1
Zhoro
2018-08-14 12:23:44
Степине к
+1
BoDiNur
2018-08-14 13:23:48
Кайсы жол кырсык болбосун степвагондун катышуусу мн болуп калды го, ушул степти эмне кылыш керек?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан