Бүгүн, 14-август күнү саат 6:20дан тарта Ак-Буура дарыясындагы суу тазаланып, шаар тургундарына таза суу берилди.
Маалым болгондой, кечээ, 13-августта Папан айылдык аймагындагы Карагур айылында сел жүргөн. Анын кесепетинен Ак-Буура дарыясынын ылай калдыгы 6000 мг/литрден ашып кеткендигине байланыштуу Ош шаарынын Курманжан датка, Манас-Ата кичи шаарчаларынан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарга таза суу берүү таңкы саат 5те убактылуу токтотулган.