Каржы министрлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 2 миллион 150 миң сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 141 миллион 604 миң сомду түздү.
Эске салсак, 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.