Бишкек-Ош унаа жолунда 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча унаанын айдоочусу 15 жылга эркинен ажыратылды. Мындай маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматкери Бекзат Осмонкулов билдирди.
Ош шаардык соту 9-август күнү айыпталуучу Д.С.ны Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан документтерди, мөөрлөрдү жасоо, даярдоо же аларды пайдалануу) жана 281-берене (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу бир нече адамдын өлүмүнө алып келүүсү) менен айыптап, 15 жылга эркинен ажыратты. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсүн белгилеген. Айыпталуучу сот залынан камакка алынган.
Эске салсак, 2017-жылдын 20-июлунда Бишкек-Ош унаа жолунун 460-чакырымында жол кырсыгы болгон. Анда оор жүк ташуучу унаа менен эки жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болуп, 3 адам оор жаракат алган.