Ноокенде эки айга чукул убакыттан бери дайынсыз болуп изделип жаткан аял Бишкектен табылды

Ноокенде эки айга чукул убакыттан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 46 жаштагы Айчүрөк Бабашова аттуу аял Бишкектен табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 14-августта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Мыктыбек Турдубеков кабарлады. Анын айтымында, ал Бишкекте дыйкандардын колунда талаа жумуштарына иштеп жүргөн.

"Дайынсыз болуп жаткан жаран Бишкектин четиндеги дыйкандардын колунда күнүмдүк акчага иштеп жүргөн жеринен табылды. Азыр Ноокендеги үйүнө алынып келди", - деди ал.

46 жаштагы Айчүрөк Бабашова 20-июнь күнү саат 06:00дөр чамасында Ноокен районунун Момбеков айыл аймагындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан. Маалыматта ал психикалык жактан жабыркап, 2-топтогу майып экендиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан