Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы "Үч-Чуңкур" эс алуу жайында белгисиз жарандар жүк ташуучу унаа менен көлгө чейин кирип кетишкен. Бул тууралуу социалдык тармактардын бирине Айбек Жаныбаев аттуу колдонуучу жазып чыккан.
"Бул адамдар туптуура көлгө чейин унаасы менен кирип кетишти. Эс алуучулардын эскертүүсүнө копол жооп кайтарып, эч кимди угушкан жок" деп жазган колдонуучу.
Бул боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ысык-Көл облусундагы жетекчисинин орун басары Нурлан Жолдошбаевге кайрылганыбызда, ал төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Көлдүн айланасында бир топ каралбаган кум жээктер бар. Анын баарын бир учурда көзөмөл кылуу мүмкүн эмес. Кайдыгер карабаган жарандар аларды сүрөткө тартып, ар кандай социалдык тармактарга жүктөп жатышат. Бир топ сүрөттөр бизге да келди. Мындай учурларда биздин инспекциянын протокол түзүүгө гана укугу бар. Протокол түзүп сотко жиберебиз. Чечимди сот чыгарат. Сууга унаасы менен киргендерге салынуучу айып пулдун көлөмү 200дөн 500 сомго чейин гана белгиленген", - деди Жолдошбаев.