Журналист Элнура Алкановага кылмыш ишин ачкан тергөөчүлөрдүн өздөрүнө кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура журналист Элнура Алкановага кылмыш ишин козгогон Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (Каржы полициясы) тергөөчүлөрүнө кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Элнура Алканова SUPER.KG порталына өзү билдирди.

Анын айтымында, тергөөчүлөргө карата "күнөөсүз экендиги белгилүү адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

"Бүгүн, 14-августта Башкы прокуратурадан менин атыма кат келди. Анда Каржы полициясынын тергөөчүлөрү мага карата негизсиз кылмыш ишин козгогону үчүн аларга Кылмыш-жаза кодексинин 212- беренесинин негизинде кылмыш иши козголгондугу жазылган. Иш тергөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилиптир", - деди Алканова.

Буга чейин Башкы прокуратура Каржы полициясынын тергөөчүлөрү журналисттин ишин тергөөдө мыйзам бузууга жол берген эмес деген малымат берген.

Элнура Алканова 2017-жылы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына тиешелүү болгон мүлктүн улутташтырылганы боюнча иликтөө жүргүзгөн. Ал мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер бар экенине токтолуп, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган.

2017-жылдын 18-декабрь күнү бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, Элнура Алканова бул ишке күбө катары суралып келген. 2018-жылдын 13-февралында ага 193-берене (коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу) жана 194-берене (коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу) менен айып коюлуп, кылмыш иши Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Ушул жылдын 27-апрелинде журналистке карата козголгон иште эч кандай кылмыштын курамы жок экени аныкталып, ага карата кылмыш иши токтотулган.

Мындан кийин журналист Элнура Алканова Каржы полициясынын тергөөчүлөрү ага карата негизсиз кылмыш ишин козгоп, кызмат абалынан пайдаланган деп чара көрүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурга арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jelezo
2018-08-14 19:08:21
Азамат кызым өмүрүң узун, бактылуу кыздардан болуп элиңе дагы жакшы кызмат кыла бер. Ушул кызга жалган жалаа жапкан кызматчылар жок дегенде кызматтан алынып 2, 3 жылдан камалышса абдан жакшы сабак болмок калган акылы жок .ттерге.
+8
didu
2018-08-14 19:12:55
азамат
+2
Nursbaike
2018-08-14 20:03:41
Оздору билсин. Мамлекет жабык эшик артында чогулуш кылса элге жармашып андай тигиндей деп чыгат. А бул жерде закон болокчо эчким мн эсептешпейт баарыбирда.
0
Shaa-82
2018-08-15 08:41:44
Азаматсын Эля! Эч качан чындык жерде калбайт.
+1
admin_media
2018-08-15 09:55:59
Nursbaike, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан