Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Жар айылында 2016-жылы көтөн чучугу жок төрөлгөн Максатка 20-августта Өзбекстанда операция жасалат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын апасы Анара Нышаналиева кабарлады.
Буга чейин ал башынан кечирип жаткан кейиштүү күндөрүн айтып берген. Анда 4-баласы Максат көтөн чучугу жок төрөлгөндүктөн жалаң сүт менен багууга аргасыз экенин, баласынын курсагы тойбой ыйлаганын, тамак берсе заң чыгара албай кыйналганын билдирген. Максатка биринчи операция - ичегисин сыртка чыгарып жасалган. Эми дагы 2 операция жасатуу муктаждыгы бар экендиги айтылган. Анда наристенин көтөн чучугу ачылат жана ал көтөн чучукту ага улоо керек. Өлкөдө мындай операция жасалбагандыктан үй-бүлө коомчулуктун жардамына муктаж болуп жаткан.
"Бардык жардам бергендерге ыраазычылык билдиребиз. Каражат топтолгондо чет элден өлкөгө келген хирургдарга алып барып көрсөттүк. Алар баланын өзүн 7-8 айга Германияга алып кетебиз дешти. Атасы экөөбүз макулдашып, берүүгө каршы болдук. Анткени ансыз да алсыз болуп жаткан балам куса болуп кыйналат го деп ойлодук.
Акыл-эси кире баштады, такыр эле тааныбагандар менен алыска кетүү ага да кыйын болмок. Кийин интернеттен изилдеп, Өзбекстанга ошол хирургдар келе турганын окудук. Ташкентке алып барып көрсөтсөк, баланын өтө алсыз экенин айтышып, көп-көптөн тамак берип, кубаттуу кылып алып келгиле дешти.
Буюрса, операция 20-августта жасалат, өзүбүздүн топтогон каражатыбыз жана боорукер адамдардан топтолгон акча биригип 400 миң сом болуп калды.
Азырынча операцияга канча каражат кетерин так билбей жатабыз. Себеби баламдын көтөн чучугу 3 сантиметр кыска болчу, ал өскөн болсо, бир аз жеңилирээк өтөт. Өспөсө, дарыгерлер башка жолун карашат. Бизге операцияны жасоо убактысы 3 сааттан ашышы мүмкүн экенин айтышты. Ушул акча жетип калса экен деп турабыз", - деди ал.
Максаттын операциясына жардам берүүнү каалагандар үчүн Нышаналиева Анара Ахмадбековнанын байланыш номери: 0778 380 515, 0552 52 58 11. Элсом номери: Анара Нышаналиева: 0778 380 515.