Балдарды мектепке киргизүүдө ата-энелер бир топ кыйынчылыктарга туш болуп жатышканына күбө болуп келебиз. Ар бир баланын билим алуусуна шарт түзүү максатында "Менин баламды мектепке кабыл алыңызчы-2018" аталышындагы акция башталды.
Билим берүү министрлиги балдар укуктарын коргоо боюнча коомдук фонд менен биргеликте ата-энелерге укуктук жардам көрсөтөт. Ата-энелерден "Мектепке чейинки даярдыкты өткөндүгү тууралуу сертификат", башка үлгүдөгү мектеп форма, кошумча төлөмдөр же жашаган жеринен маалымдама талап кылган учурларда алар укуктук кеңеш алуу үчүн кайрылса болот.
"Ар бир окуяга көңүл бурулат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр балдарын мектепке бере албай жатканына күбө болсоңуздар кайдыгер карабаңыздар", - деп айтылат маалыматта.
Укуктук кеңешти +996 312 66 25 87, +996 771 45 44 45 телефон номерлери аркылуу алса болот.