"Мен сен жөнүндө баарын билем..." деген катты коркутуулар менен тараткан Momo оюну Кыргыз өлкөсүндө да пайда болду. Буга ИИМдин жообу

WhatsApp тиркемеси аркылуу тарап жаткан Momo оюну Кыргыз өлкөсүндө да жайылууда. Аталган оюн көпчүлүк учурда өспүрүм курактагы балдар, кыздардын психикасын бузат. Тактап айтканда, өзүн Momo деп тааныштырган колдонуучу япониялык сүрөтчү Мидори Хаясиге таандык айкелдин сүрөтүн коюп алып, белгисиз номерден зордук-зомбулуктун сүрөттөрүн, "өлтүрүп кетем" деген коркутуу иретинде жазылган каттарын жиберет. Мындай коркутууга дуушар болгон 16 жаштагы каарманыбыз (аты-жөнүн атагысы келген жок) буларга токтолду.

"Мага Кыргыз өлкөсүндөгү уюлдук операторлордун бирине таандык номер менен белгисиз бирөө каттарды жазды. Башында тамаша катары кабыл алып жооп жазгам. Бирок ал мага "мени менен тамашалашпа, мен сен жөнүндө баарын билем" деген билдирүүлөрдү жибере баштады. Ал менин ата-энем, чоң эне, чоң атамдын аттарын, канча бир тууган экенимди айтып, алтургай жашаган аймагымды билерин, кечинде келип өлтүрүп кетерин жазып, өзүнүн сүрөтүн жиберди", - дейт ал.

Ошондой эле каарманыбыздын айтымында, анын тааныш кызына чет элдик номер менен белгисиз бирөө жазып, өзүн Momo деп тааныштырган. Ага дагы ушундай өңүттөгү каттарды жиберген.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бул оюнду "Көк кит" оюну өңдүү коркунучтуу экенин айтып, атайын профилактика жүргүзөрүн билдирди.

"Momo" оюнунда куратор социалдык тармактардан атайын колдонуучуларды издейт. Алар көпчүлүк учурда өспүрүмдөргө коркунучтуу сүрөттөрдү жана видеолорду, ар кандай билдирүүлөрдү жөнөтөт. Андан соң колдонуучуга ар кандай буйруктарды бере баштайт. Эгер оюнчу андан баш тартса, аларга түздөн-түз өздөрү келип коркута турганы жазылат. Эгерде ушундай билдирүү жибергендер болсо катка маани бербестен, билдирүү жиберген номерди дароо блокко киргизүү керек", - деп маалымдады.

Буга чейин маалым болгондой, Өзбекстандын Ички иштер башкармалыгы бул оюндан сак болууну эскертип, маалымат тараткан.


WhatsApp аркылуу коркутуп, кат тараткан "Moмo" оюну Кыргыз өлкөсүндө да пайда болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
KRIMINAL
2018-08-15 11:47:36
Момо абжемин номерин бергилечи? Таанышып боп кетсек ажап эмес))
+9
nuriyaeljan
2018-08-15 12:02:38
Мага жаздыле
0
Sezimka27
2018-08-15 12:36:40
магада жазбайвы
зееригип атам
+7
bond
2018-08-15 12:56:27
Sezimka27,мен эле жазайын сага жакшы эле нерселерди эмне кыласын коркутуу,уркутуулорду.
0
Nevestkaa
2018-08-15 12:37:11
Сини кит бүтүп эми мунусу чыктыбы?
+4
aman0296
2018-08-15 12:55:54
Азыр ар кайсы эле адам Момо болуп журушот ко
+10
Djumahmatov
2018-08-15 13:03:03
Айланайын элдин ойуну башка нукка буруунун эн жакшы ыкмасы
+5
ilgizk
2018-08-15 13:16:05
Мен жазсам жазышпайт го
0
BarsBaatyr
2018-08-15 13:44:56
Оппоооо...эми мунусу чыктыбы?
0
Romantik.
2018-08-15 14:14:57
Номерин бергилечи, бир хаха жарайсын))
-1
nukura_jigit
2018-08-15 14:23:44
Ал жон эле жомок.
Тааныштарынар эле жазат.
Мен да ошол суротту коюп тааныштарыма жаздым. Бир туугандарын, Ата-энесин атынан бери айтып бердим.
Таанып алды
-1
pyeon hwa
2018-08-15 17:57:53
силерге жазган учурда силер жооп жазсанар бутту телефонундагы маалыматтардын кориясы ага чыгып калат ал ошону менен айтып берет озу жонундо! Хакерлер булар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан