III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата 1 миллион сомдон ашык каражатка таштанды салуучу урналар жасалууда

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата 270 таштанды салуучу урна даярдалат. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

"Жалпы баасы 1 миллион 826 миң 600 сомду түзгөн таштанды салуучу урналардын 100 даанасы “Чолпон-Ата” ат майданына, ал эми 200 даанасы Кырчын жайлоосуна оюндар өтүүчү жерлерге коюлат. Учурда урналардын 100 даанасы даяр. Ал эми 170 даанасы 28-августка чейин толук даяр болот", - дейт маалымат кызматы.

Таштанды салуучу контейнерлерди даярдоо боюнча сынак Ысык-Көл-Нарын жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү жергиликтүү фонду тарабынан жарыяланып, ал эми аны каржылоо Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү республикалык фонду тарабынан жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aerforce
2018-08-15 09:28:57
Көчмөндөр ойунун ар областка бербедиңер бирден стадион курулуп калат эле
0
Rasul94
2018-08-15 15:17:12
aerforce,кайсы областында шарт бар. Гелжиреп суйлойт десе суйлой бересинби
0
Farm94
2018-08-15 10:56:20
Мени бир нерсе тан калдырат көчмөндөр оюну 2 жылда бир өткөрүлсө эмне урналар эки жылга жетпейби ошондо 2016- жылы деле жасалса керек эле
+4
Dj_NEWANS
2018-08-15 14:50:17
Farm94,Максат акча жемейда бир тууганым! кочмондор оюнунда акча жейли деп ойлоп тапканго чамасы, 4 жылда бир откоруш керек деп ойлойм
+1
juma11anara
2018-08-15 13:29:50
1 826 600 сомго 300 даана таштанды таштаганга урнабы? Арзаныраак болуп калыптыр,кымбатыраак жакшысы жок бекен?
+4
Rasul94
2018-08-15 15:36:24
Неге эле бул оюнду салтка айландырып баратышат.тушунбойм.коп соз бар айтсак
0
Davren
2018-08-16 03:46:12
Жеп тыгылып өлбөдү же тойбоду ушу министрлер, эми туалет менен мусоркадан жегиле бети жоктор! Алтындан жасап атасыңарбы не, тим эле баасы асманды чапчыйт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан