Узакка созулган оорудан улам 46 жашында каза болгон алып баруучу Салтанат Саматова менен коштошуу зыйнаты эртең, 16-августта саат 10:00дө КТРКда болот.
Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу маркумдун кесиптеши, алып баруучу Эркин Рыскулбеков маалымдады.
Алып баруучу, тамада, ди-джей, телевидениенин отличниги Салтанат Саматова 15-августка караган түнү саат 1:30 чамасында көз жумган.