Сокулук районундагы кафель чыгарган заводдо иштеген 20дан ашык адам жумуштан кетип калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 15-августта аталган заводдо иштеген Бактыбек аттуу (белгилүү себептерден аты өзгөртүлүп берилди) жаран кабарлады. Анын айтымында, завод төлөп берген акы жумуш шартына туура келбейт.
"Келишим боюнча 8 саат иштеп, 12 миң сомдон 18 миң сомго чейин айлык алуу каралган. Бирок биз 12 саат иштеп жатабыз. 27-июлда заводго ээлик кылган кытайлык ишкердин жумушчуну сабагандыгына байланыштуу митингге чыкканыбызда эмгек келишимди өзгөртүү талабын койгонбуз. Бирок ал талап аткарылган жок. Ошондуктан 20дан ашык кызматкер жумуштан кетип калды", - деп билдирди Бактыбек.
Аталган заводдун администрациясы айтылган маалыматты тастыктап: "Ооба, 20дан ашык кызматкер жумуштан кетип калды. Бирок себебин айта албайбыз", - деп билдиришти.
27-июль күнү аталган заводдун алдына 100дөй жаран митингге чыгып, кытайлык ишкерден кылган аракети үчүн кечирим суроосун талап кылышкан. Өзүн Жакшылык деп тааныштырган жарандын айтымында, завод ээси 27-июлга караган түнү 3-4 Кытай жараны менен мас абалда келип тамак-аштарды чачып, Султан Мукашев аттуу жумушчуну себепсиз сабап, телефонун талкалап салган.
Облустук милициянын маалымат кызматынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тийиштүү материалдарды чогултуп, арыз ээлери менен ишкерди суракка алганын кабарлаган.
Кыргыз жаранын мас абалында уруп салды делген кытайлык ишкерден окуя тууралуу комментарий алуу мүмкүн боло элек.