Ош шаарында "Түштүк Экспо-2018" көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат

Бүгүн, 15-августта Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында “Түштүк Экспо-2018” эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнө Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын Түштүк департаментинин өкүлдөрү, элчиликтен атайын өкүлдөр, ишкерлер келип катышты.

Биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев эл аралык маанидеги ири адистештирилген жарманкелерди өткөрүү ата мекендик жана чет өлкөлүк компаниялар үчүн бизнес-аянтча катары Түштүк борбордун өнүгүшүнө чоң салым кошорун белгилеп өттү. 17-августка чейин боло турган көргөзмө-жарманкеге жалпысынан 36 чет өлкөлүк, 22 кыргызстандык өндүрүш компаниялары катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан